07:52, 25 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Коопсуз шаар»: Төрт айда 202 миңден ашуун жол кыймылынын эрежесин бузуу катталды

На русском
10:37, 22 кулжа 2019 158

Баракелде -  «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 4-марттан 20-июнга чейин 202 миң 187 жол кыймылынын эрежесин бузуу жөнүндө токтом чыгарылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтар боюнча жол кыймылынын эрежесин бузуу жөнүндө бардык токтомдор айдоочуларга берилген. 202 миң 187 жол эрежесин бузуу жөнүндө токтомдун ичинен 86 миң 983 эреже бузуунун акчасы төлөнгөн. Андан чогулган акчанын өлчөмү 122 млн 249 миң 700 сомду түздү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком