11:38, 24 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Тбилисидеги митингден кийин парламенттин төрагасы отставкага кетти

На русском
18:53, 21 кулжа 2019 93

Баракелде -  Грузиянын Тбилиси шаарында митингден кийин парламенттин төрагасы отставкага кетти. Мындай чечим башкаруучу партиянын саясий кеңешинде кабыл алынганын «Интерфакс» билдирди.

Башкаруучу партия — «Грузин кыялынын» мүчөсү Мамук Мдинарадзе: «Парламенттик көпчүлүк парламенттин төрагасы кызматына «Грузин кыялы» партиясынын лидери Арчил Талаквадзенин талапкерлигин жактырат. Ираклий Кобахидзенин отставкасынан кийин бул кызматка башка адамдын талапкерлигин караган жокпуз», - деди.

Кечээ, 20-июнда Тбилисиде парламентте Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гаврилов сөз сүйлөгөндөн кийин нааразычылык акциялар башталган болчу. С.Гаврилов Парламенттер аралык ассамблеянын сессиясын парламенттин спикерине арналган жерде сөз сүйлөп ачкан. Анын сөзүн оппозициялык депутаттар бөлүп, россиялык делегациядан парламенттен чыгып кетүүнү талап кылышкан.

Бул учурда Кобахидзе иш сапары менен Баку шаарында жүргөн. Ал Гаврилов сессияга төрагалык кылганын билбегенин айтты.

Оппозиция башкаруучу партияга парламенттин спикерин, ИИМдин башчысын жана Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жетекчисин отставкага кетирүү үчүн бир саат убакыт беришкен. Берилген убакыт өткөндөн кийин митингге чыккандар парламенттин имаратына чабуул жасашты. Митингге 10 миңдей адам катышкан. Полиция митингге чыккандарды таратуу үчүн резина окторду жана көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан.

Грузиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, митинг учурунда 240 адам жаракат алды, алардын арасынан 80 адам полиция кызматкери.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком