19:43, 7 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Азия өнүктүрүү банкы таза сууга 41,87 млн доллар бөлүүгө даяр

18:27, 21 кулжа 2019 79

Баракелде -  Парламенттин депутаттары «Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу» боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыялык жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун карап, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. 5 жылда ишке ашуучу долбоор Каракол жана Балыкчы шаарларынын саркынды суулардан арылуу тутумун жакшыртууга багытталган, деп маалымдайт Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды суулардан арылуу департаментинин башчысынын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы бул багытта 41,87 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Каражаттын 12,84 млн доллары грант, калганы жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 32 жылга берилип, анын ичинде 8 жыл жеӊилдетилген мөөнөт болуп саналат.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, бул долбоордун алкагында Каракол шаарынын 65 пайыз суу түтүгү, Балыкчы шаарынын 45 пайыз суу түтүгү жаӊыртылат. Долбоордо суу түтүктөрүнүн сапатына өзгөчө көӊүл бурулат. Андан тышкары, кийинчерээк ушундай эле долбоор Нарын шаарында да ишке ашырыла турганы белгилүү болду.

Баяндамачынын айтымында, келишим ратификацияланган кийин долбоор даярдалып, аны ишке ашыруу боюнча тендер жарыяланат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком