01:56, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өлкө башчы каржы министри менен жолугушту

На русском
18:14, 21 кулжа 2019 115

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июнда каржы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө салык кирешелери, республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн аткаруу, өлкөнүн бюджеттик ресурстарынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана сот-укуктук реформаны финансылык жактан камсыздоо маселелери каралды. Министр Бактыгүл Жээнбаева мамлекеттик каржыларды башкаруу жаатынын учурдагы абал тууралуу маалымат берди.

Ал белгилегендей, корголгон беренелер боюнча артта калуулар жок. Сот-укуктук реформаны ишке ашыруу жана өлкөнү санариптештирүү боюнча долбоорлор өз убагында каржыланууда. Республиканын ар бир районунун борборунда 3 чакырым жолду куруп, оңдоп-түзөөгө каражаттар бөлүндү.

Мындан тышкары министр быйылкы жыл ичинде орто мектептердин мугалимдеринин айлык акысын жогорулатуу пландалып жатканын маалымдады. Ошол эле убакта ал республикалык бюджетке салыктык жана бажылык жыйымдары боюнча артта калуу байкалганын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик финансыларды натыйжалуу, жоопкерчиликтүү жана ачык-айкын башкаруу өлкөнүн экономикасынын туруктуу өсүшүн камсыздоо үчүн негиздердин бири болушу керектигин баса белгиледи. Ал мамлекеттик ипотекалык компанияга калкка ипотекалык насыяларды берүүнү жандантуу үчүн акча каражаттарын тез арада бөлүп берүү зарылдыгына көңүл бурду.

Ал ошондой эле бюджетке жыйымдарды тапшыруу боюнча планды аткарбаган мамлекеттик органдарга карата биринчи жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча тиешелүү чара көрүү керектигин баса белгиледи.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком