17:25, 15 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Мамлекеттик ишканалардан бир жылда 951,4 млн сом киреше түшкөн

14:30, 21 кулжа 2019 59

Баракелде -  Кыргызстандын аймагындагы мамлекеттик ишканалардан 2018-жылы 951,4 млн сом киреше түшкөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 27 млн сомго көп.

Ал эми 2017-жылга карата иштеген мамлекеттик ишканалардын саны 99 болсо, иштебей туруп калгандары 780 болгонун 21-июнда «Республика – Ата Журт» фракциясынын жыйынында фракция лидери Жыргалбек Турускулов билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө фракция лидери «Дастан» ТУК, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы, «Ысык-Көл - Аврора» санаторийи сыяктуу ишканалардан бюджетке каражаттар аз түшө баштаганына көӊүл бурду. Анын айтымында, 2018-жылы жогоруда аталган санаторийден болгону 1,3 млн сом түшүп, тагыраак айтканда, ар айга бөлгөн сумма 105 миӊ сомду гана түзгөн. Ж.Турускулов ишкананын кирешесин көбөйтүүгө реалдуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгиледи.

Мындан сырткары, фракция лидери акыркы үч жылда мамлекеттик ишканаларда орчундуу каржылык мыйзам бузуулар жана коррупциялык көрүнүштөр боюнча кызмат адамдарына карата 258 кылмыш иши козголгондугун айтты. Маалыматка ылайык, каржылык мыйзам бузуулардын көпчүлүгү «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасында (57 кылмыш иши), «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасында (9 кылмыш иши) жана «Аскер курулуш» ишканасында аныкталган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком