04:51, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандык дзюдочулар дүйнөлүк чемпионатка даярдыгын баштады

На русском
11:01, 21 кулжа 2019 565
Эрлан Шеров
Эрлан Шеров
// Улуттук дзюдо федерациясы

Баракелде -  Дзюдо боюнча Кыргызстандын курамасы дүйнөлүк чемпионатка даярдыгын баштады. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтар боюнча учурда кыргызстандык дзюдочулар Чолпон-Ата шаарында машыгууларын өткөрүп жатат.

Турнирге дзюдочулар машыктыруучулар Абдужалил Юнусов менен Сергей Мистрюковдун жетекчилигинде барышат. Дзюдо боюнча дүйнөлүк чемпионат Япониянын Токио шаарында август айында башталат.

Кыргызстан курамасы:

60 килограммга чейин — Дөөлөт Таалайбек уулу менен Асман Акылбек уулу

66 килограммга чейин — Алмаз Алтынбек уулу, Артур Те, Байбол Саламат уулу, Эртур Турдубаев

73 килограммга чейин — Бексултан Султанов, Баяман Сагынбай уулу, Ишен Аманов, Бектур Рысманбетов

81 килограммга чейин — Владимир Золоев, Адил Мырзаев

90 килограммга чейин — Эрлан Шеров, Шахриер Идрисов

100 килограммдан жогору — Бекболот Токтогонов, Юрий Краковецкий, Дастан Сарбатов, Сейтек Жапаров

Машыктыруучулар — Абдужалил Юнусов, Сергей Мистрюков.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком