00:06, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Валентина Шевченко UFC турнири Бишкекте да өтүшүн кыялданат

На русском
09:39, 21 кулжа 2019 171
Валентина Шевченко
Валентина Шевченко

Баракелде -  UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко UFC турнири Кыргызстанда дагы өтүшүн каалайт. Анын пикиринде Кыргызстанда ММА күрөшүнүн күйөрмандары көп.

«Бизде аралаш күрөшкө абдан окшош улуттук спорттун түрү бар, ал — кулатуу. Бул искусство менен баары, жада калса дене тарбия институтунда да алектенүүгө болот. Ар бир беттешке 400-700 адам чогулат.

Эгерде UFC Бишкекте турнир өткөрсө абдан жакшы болмок. Бул мен үчүн кыялымдагы беттеш болмок», - деди Валентина.

Ал келечекте мындай мүмкүнчүлүк болот деп ишенет.

------------------------------------------------

10-августта Уругвай өлкөсүнүн Монтевидео шаарында кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченконун UFC уюмундагы кезектеги турнири болот. Бул тууралуу «ESPN» басылмасынын журналисти Третт Окамото билдирди.

Ал күнү жеңил салмак категориясындагы чемпиондук наам үчүн Валентина Шевченко америкалык Лиз Кармушка (13-6) каршы беттешет. Ошондой эле аталган турнирде кыргызстандык Рафаэль Физиев бразилиялык Алекс да Силва (20-2) менен күч сынашат.

2010-жылы Кармуш менен Шевченко ММА турниринде жолугушкан. Анда экинчи раундда дарыгерлер Валентинага мушташын улантууга тыюу салып, Кармуш утуп алган.

------------------------------------------------

Буга чейин 9-июнда Американын Иллинойс штатынын Чикаго шаарында UFC - UFC 238: Cejudo vs Moraes турниринде Валентина Шевченко чемпиондук курун коргоп калган.

Биринчи раундда Шевченко америкалык атаандашы Жессика Айга таамай соккуларды узаткан. Экинчи раундда ал атаандашын сулата тээп, чемпиондук курун коргоп калган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком