01:34, 20 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жергиликтүү кеңештердеги 9 депутаттын ыйгарым укуктары токтотулду (тизме)

08:49, 21 кулжа 2019 71

Баракелде -  Кечээ, 20-июнда Ысык-Ата, Чүй, Кемин, Токмок, Бишкек, Ала-Бука, Ысык-Көл жана Каракол аймактык шайлоо комиссиялары айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Борбордук шайлоо комиссиянын маалыматы боюнча, депутаттык ыйгарым укуктар айкалышпаган кызмат орунуна дайындалганына, каза болгонуна байланыштуу жана өз арызы боюнча токтотулду.

Чүй облусу:

- Жумаев Рустам (өз арызы, Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Саибов Рустамга өткөрүлүп берилди;

- Сейитбеков Тилек ( каза болгондугуна байланыштуу, Чүй районунун Чүй айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Батыркан уулу Максатка өткөрүлүп берилди;

- Шамшидин уулу Эсенбек (өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган кызмат орунуна дайындалган, Чүй районунун Кош-Коргон айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Сатыбалдиев Улукбекке өткөрүлүп берилди;

- Мамбетказиев Айбек (өз арызы, Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Усупов Эмилбекке өткөрүлүп берилди;

- Исалиев Акылбек (каза болгондугуна байланыштуу, Токмок шаардык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Чолпонкулов Майрамбекке өткөрүлүп берилди.

Бишкек шаары:

- Сыдыков Эмил («Өнүгүү-Прогресс» фракциясы, №4). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жамгырчиев Талантбекке өткөрүлүп берилди.

Жалал-Абад облусу:

- Жумагулов Эркинбек (өз арызы, Ала-Бука районунун Өрүктү айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жолдошова Аидага өткөрүлүп берилди.

Ысык-Көл облусу:

- Курманалиев Таалайбек (өз арызы, Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Рашев Рахматка өткөрүлүп берилди;

- Жампеишов Руслан (өз арызы, Каракол шаардык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Телтаев Калысбекке өткөрүлүп берилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком