00:08, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео — «Ажылдагандыктын, хамствонун чеги болот»: Депутат айымдардын кайым айтышы

На русском
16:42, 20 кулжа 2019 5259
Аида Касымалиева, Ирина Карамушкина, Эльвира Сурабалдиева
Аида Касымалиева, Ирина Карамушкина, Эльвира Сурабалдиева

Баракелде -  Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевге каршы аны макамынан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө» токтомдун долбоору каралып, токтом юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Күндүн биринчи жарымында депутат Ирина Карамушкина (КСДП) кесиптештерине — депутаттарга сын айтып, өз кезегинде алар Бакиев боюнча маселе көтөрбөгөнүн жана айрым журналисттер социалдык тармактарда өзү жөнүндө жалган маалыматтарды жазып жатышканын билдирди. Ошондой эле депутаттардын ар бирин чукуса «бир нерсе» тапса болот турганын кошумчалады.

Түшкү тыныгуудан кийин Карамушкинага депутат — төраганын орун басары Аида Касымалиева (КСДП) жооп берди.

«Сиз айтып жатасыз, баарын чукуса табылат деп. Сиз өзүңүзгө жооп бериңиз. Мисалы, мени чукуса менден эч нерсе табылбайт. Анан парламент таркасын деп жатасыз, анда өзүңүздөн баштаңыз. Өзүңүз мандатты тапшырып кетиңиз. Бул жерде эл шайлаган депутаттар. Мисалы, менин шайлоочуларым бар, менин убадаларым бар, менин жумуштарым бар. Сиз баарына көө шыбабаңыз. Кош стандарттуулуктун, ажылдагандыктын, "хамство" деп коет го, ошонун да чеги болот. Олуттуу факттарды издеп, иштеп жаткандан кийин бир беткей айтпаңыз, далил менен сүйлөңүз», - деди А.Касымалиева.

Андан кийин Карамушкинанын сөзү боюнча Аида Исмаилова («Республика – Ата Журт»), Евгения Строкова (КСДП), Эльвира Сурабалдиева (КСДП) өз пикирин билдиришти.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком