01:38, 20 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Парламент А.Атамбаевди макамынан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндөгү токтомду Башкы прокуратурага жөнөттү

На русском
16:12, 20 кулжа 2019 1198

Баракелде -  Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевге каршы аны макамынан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө» токтомдун долбоору каралды. Алгач экс-президент макамынан ажыратуу үчүн Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиевдин баяндамасы угулду, деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.

Эми бул токтом юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

Жыйындагы суроо-жооптун жүрүшүндө депутат Асел Кодураңова эмне үчүн А.Атамбаев өзү чакырылбагандыгын сураганда, К.Иманалиев комиссиянын ишине кызыккан тараптардын баары чакырылгандыгын билдирди. Ал эми А.Кодуранова берилген жооптордун баарын шылтоо деп атады.

Депутат Жанарбек Акаев өз маалында А.Атамбаев саясий репрессия кылгандыгын көптөгөн белгилүү саясатчылар, депутаттар айтканын эске салып, андай болгон шартта бүгүнкү бийлик тушунда экс-депутат Өмүрбек Текебаев бошотулушу керектигин белгиледи. Ошону менен катар Ж.Акаев коомдун кызыгуусун арттырган жүйөөлүү маселелер Жогорку Кеӊеште талкууланып турушу зарылдыгын кошумчалады.

Депутат Кенжебек Бокоев көрсөтмө бергендердин арасында буйрутма менен кылмыш ишин козгоду деген тергөөчүлөрдүн иши дагы каралышы керек деген пикирин айтып: «Муну менен мындан кийин бир дагы иш буйрук менен козголбошуна сабак болушу керек»,- деди.

Айрым эл өкүлдөрү жана коомчулук тарабынан айтылып жаткан комиссия иши өтө тездик менен бүттү деген ойлорго комиссия төрагасы жооп берди. Депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, Жогорку Кеӊеш комиссияга 7 күндүк мөөнөт берген. Мындан сырткары, бул комиссиянын иши парламенттик иликтөө эмес. Атайын комиссиянын ыйгарым укугунда корутунду берүүдө кылмыш иши бар же жоктугуна гана жооп бериши керек.

Депутат Бакыт Төрөбаев «мыйзамдагы ууру» А.Батукаевдин иши, Бишкек ЖЭБи боюнча иштер каралганда А.Атамбаевдин аты аталбагандыгын тактап, бардык айыптоолорду укук коргоо органдары тарабынан ар тараптуу, жеткиликтүү далилдер менен ачык-айкын, калыс иликтениши керектигин айтты.

Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны макамынан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору 100 добуш менен кабыл алынды. Ал эми 5 эл өкүлү каршы болгон.

Атайын түзүлгөн комиссиянын тыянагы менен А.Атамбаевге коюлган 9 айыптын ичинен алтоо калтырылган. ТИЗМЕ

Комиссиянын курамы:

КСДП: Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембедиев.

«Республика—Ата Журт»: Нурлан Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов.

«Кыргызстан»: Канат Исаев, Алмазбек Токторов.

«Өнүгүү-Прогресс»: Алтынбек Жунус уулу.

«Бир бол»: Бактыбек Турусбеков.

«Ата Мекен»: Каныбек Иманалиев.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком