01:33, 20 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Депутат К.Иманалиев: Мага кылмыш иш табуу — Аламүдүн дарыясынан крокодил издөө сыяктуу

На русском
13:43, 20 кулжа 2019 400

Баракелде -  Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев («Ата Мекен») баяндама жасады.

Депутат Ирина Карамушкина (КСДП) мурунку президент Алмазбек Атамбаев боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусун таратууну сунуштады.

«Сиздердин принциптүүлүктү Бакиевдерге багыттаса. Силер унчукпай, ал эми алар элди тоноп, атып, газ жок болчу, бизнести рейдерлик жол менен басып алуу болгон. Мындай инициатива Бакиевдерге карата болгон эмес», - деди Карамушкина.

Депутаттарды айыптаган Карамушкина: «Убакыт келгенде келечек муундар аталарынын атын тарыхтан көрөт. Алар муну эстейт, Каныбек Иманалиевге да кылмыш иш ачылган. Бул бутафория. Силердин көбүңөр юристтерсиңер, ал эми жарымыңарда саясий амбиция. Мыйзам чыгаруучу корпус, 100 адам он адамдын шылтоосу менен кетип жатат», - деди.

Депутатка жооп берген комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев ага кылмыш иш козголбогонун билдирди.

«Менин оппоненттерим кандайдыр бир факттар менен жаманатты кылгылары келет. Менин атыма кол салышат. Мага кылмыш иш табуу — Нарын дарыясынан крокодил издөө сыяктуу. Тактап айтканда, мага кылмыш иш табуу — Аламүдүн дарыясынан крокодил издөө сыяктуу», - деди Иманалиев.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком