03:34, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Депутат: Жогорку Кеңеште жеке таарыныч же өч алуу маселелери көбүрөөк көтөрүлүп жатат

На русском
12:58, 20 кулжа 2019 166
Карамат Орозова
Карамат Орозова

Баракелде -  Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутат Карамат Орозова (КСДП) сөз сүйлөп, бир нече маселе көтөрдү.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеш жападан жалгыз мыйзам чыгаруучу орган болуп эсептелет. Депутаттар ыйгарым укуктардын негизинде көзөмөл кылуу милдетин да аткарышат.

«Биздин ыйгарым укуктарыбыздын эң орчундууларын айтып кетейин. Эл аралык келишимдерди ратификациялайбыз, Кыргыз Республикасынын чек арасын өзгөртүү боюнча маселелерди чечебиз, республикалык бюджетти бекитип, анын аткарылышын көзөмөлдөйбүз. Эл тарабынан шайлангандыктан мамлекет жана эл тарабынан коргоого алынганбыз жана эл тарабынан айтылган көйгөйлөрдүн аткарылышына карап, өкмөткө тапшырма берип, аткарылышын көзөмөлгө алабыз. Бирок урматтуу кесиптештер, акыркы мезгилдерде мени өкүндүргөн нерсе — ушул залда, элдин, мамлекеттин көйгөйү көтөрүлүүчү жерде жеке таарыныч же өч алуу, жеке кызыкчылык маселелер көбүрөөк көтөрүлүп жатат.

Экс-президенттин макамын алуу боюнча комиссия түзүлүп, учурда талкууга коюлду. Макул, "все к лучшему" деп коет. Талкууну эл көрөт, себеби эл бүгүнкү талкууну күтүп жатат. Ар бирибиздин сүйлөгөнүбүзгө баа берет, талкууга активдүү катышалы. Бирок урматтуу кесиптештер, бул боюнча өлкөбүздүн, мамлекетибиздин тарыхы үчүн жана өзүбүз балдарыбыздын келечегин ойлоп, чечим кабыл алышыбыз керек. Жол-жобосу боюнча чечим кабыл алынгандан кийин Башкы прокуратурага барат.

Өткүрбек Жамшитбекович, акыркы мезгилдерде биздин мамлекетибизде кандай мыйзам бузууларга жол коюп жатабыз. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабыз, ошондуктан тарыхты, өлкөнүн келечегин, өзүңүз жана үй-бүлөңүз, балдарыңыздын келечегин ойлоп туруп, мыйзамдуу чечим кабыл алышыңыз керек. Мыйзамсыз чечим кабыл алсаңыз убагы келет, жооп берип калышыңыз мүмкүн. Себеби бүгүнкү күндө Рысалиев, Конгантиев, аял башына карабастан Салянова чечим кабыл алганы үчүн жооп берип жатышат… Бирок чыныгы оор кылмыш кылгандар, канчалаган балдарды өлтүргөндөр четте жүрөт. Ал эми ошолорго көрсөтмө бересиң деп биздин өзүбүздүн жарандарды СИЗОго тыгып алып туруп, көрсөтмө үчүн кысымчылыкка алганды кудай да, эл да кечирбейт.

Урматтуу кесиптештер, мен силерге кайрылып кетким келет. Мына, 1,5 жыл өттү Алмазбек Шаршеновичтин кеткенине. Ал киши ушул залдан сиздер тарабынан аябай жылуу сөздөрдү уккан. Маселен, кээ бириңиздер айткансыздар: "Урматтуу Алмаз Шаршенович, сизден көп нерсени үйрөндүк, сиз бизди такшалттыңыз, тарбияладыңыз. Урматтуу Алмаз Шаршенович, сиздин атыңызды Түндүк—Түштүк жолуна коелу, сиз журт атасысыз, сиздин эмгегиңизди өтө жогору баалайбыз, "Кыргыз Республикасынын баатыры" деген наамды берели" деп… Президентибиз ал кишиге "Кыргыз Республикасынын баатыры" деген наам ыйгарды...», - деген К.Орозова А.Атамбаевдин учурунда жасалган иштерди санап берди.

Ошондой эле депутат өлкөнүн аймактарындагы жана Бишкек шаарындагы көйгөйлөрдү көтөрүп, аларды чечүүгө чакырды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком