17:24, 15 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Депутат: Миллиондогон акча уурдаган чиновник колуңардан эч нерсе келбейт деп жатат

11:00, 20 кулжа 2019 558
Улукбек Ормонов
Улукбек Ормонов

Баракелде -  Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму башталып, күн тартиби бекитилди. Жыйындын жүрүшүндө жарыш сөз учурунда депутат Улукбек Ормонов («Бир бол») президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылуу жасады.

Депутат өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов боюнча сөз козгоду.

«Ушул трибунада 23-майда Коопсуздук кеңешинин чечимдери боюнча меселе көтөргөм. Миллиондогон акча каражаттарын туура эмес колдонгон, өзүнүн айдоочусун ар жакка жиберген, бир кызматка айдоочусу менен жардамчынын фамилиясын жазып, эки айлык төлөп жүргөн киши жөнүндө маселе көтөргөн элек. Бул Токой чарба жана экология агенттигинин башчысы Рустамов жөнүндө. Ошол менин айткан сөзүмө Ашырбек Мойдунович (өкмөттүн парламенттеги өкүлү), Рустамовдун колу менен жооп берип жатат. Биз Рустамовду күнөөлөп жатсак, Рустамов жооп берип жатат "менин кылмыш иштеримди Башкы прокуратура изилдеп жатат" деп. Сиз ошого кол коюп, мага жөнөтүп жатасыз. Мен бул жерден түздөн-түз премьер-министрге кайрылгам», - деди ал.

Эл өкүлү миллиондогон акчаларды жеп алган жетекчи өзү жооп бергенин белгилеп: «Менин ууру экенимди башка бирөөлөр карасынчы, Эсеп палатасы, Коопсуздук кеңеши тапкан нерселерди эми Башкы прокуратура таап берсин, анан сүйлөшөбүз" деп жатат. Мына жообу, буга сиз кол коюп берип жатасыз мага Ашырбек Мойдунович. Бул эмне деген жорук? Уруунун ууру экенин айтып, милицияга алып барса, эми башка бирөөлөр айтсынчы чын эле уурумунбу же ууру эмесминби дегендей болуп жатат», - деди.

Улукбек Ормонов президенттин өкүлүнө жана төрагага кайрылды.

«Сентябрга чейин колуңардан эч нерсе келбейт, эмне кылсаңар да, эмне сүйлөсөңөр да каалаганымды кылам, мыйзамсыз иштен алууну улантам деп жооп берип жатат. Менде сөз жок, же каттар премьер-министрге жетпейт же өзүңөр бери жактан Рустамовго жооп берип койчу сен жөнүндө сүйлөп жатат деп бердиңер. Ошого кол коюп, кайра мага берип жатасыз», - деди депутат.

Төраганын орун басары Аида Касымалиева бул маселе боюнча протоколдук тапшырма бериле турганын айтты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком