06:03, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жансыз денеге кирпич байлап, сууга ыргыткан: Ысык-аталык аял күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип кармалды

На русском
10:50, 20 кулжа 2019 455

Баракелде -  Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 19-июнда Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринен Кант шаарындагы Чоң Чүй каналынан зомбулук менен өлтүрүлгөн 50-55 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери каза болгон кишинин өздүгүн аныкташкан. Ал Дмитриевка айылынын 52 жаштагы Б.А. аттуу жашоочусу болгон. Аталган факт Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Аталган кылмыштын бетин ачуу үчүн Чүй ОИИБ менен Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам топ түзүлгөн. Жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында маркумду өлтүрүүгө шектелип анын 44 жаштагы аялы кармалды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган кылмыш иши жубайлардын ортосундагы чыр-чатактан улам келип чыккан. «Шектүү кылмышты жашыруу максатында маркумдун сөөгүнө кирпич байлап, Чоң Чүй каналына ыргытып жиберген», - деп айтылат маалыматта.

Кармалган шектүү Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком