05:52, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Кара пиар, фейк, хайп өндүргөн өлкө болуп калдык»: Депутат журналисттерге кайрылды

10:08, 20 кулжа 2019 103
Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

Баракелде -  Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму башталып, күн тартиби бекитилди. Жарыш сөз учурунда депутат Бакыт Төрөбаев («Өнүгүү-Прогресс») журналисттерге кайрылуу жасады.

Эл өкүлүнүн айтымында, журналисттерди бекеринен бийликтин төртүнчү бутагы деп аташпайт. Өлкөдөгү коомдук-саясий, социалдык-экономикалык маалыматтын коопсуздугу боюнча журналисттерде да жоопкерчилик бар.

«Бүгүнкү күндө биз, сиздер жана жалпы эл мамлекетти өнүктүрүүнү күчөтүүнүн ордуна, тескерисинче менин байкоом боюнча жалган жалаа, кара пиар, фейк, хайп өндүргөн өлкө болуп калдык окшойт. Бири-бирин социалдык тармактарда каралап, кадыр-баркын кетирип, ушактаган, виртуалдык коомго айлана баштадык. Өлкөдөгү көйгөйлүү маселелер боюнча сунуш-талаптарыңыздар өкмөттүн чечим кабыл алуусуна таасир этип жатат. Ал эми эл болсо сиздердин пикириңиздерге байланып калды. Өлкөдөгү сиздерге болгон жакшы мамилени жоготуп албаңыздар. Ошол эле мезгилде жалган, тастыкталбаган маалымат тараткан учурда жоопкерчилик да болуш керек», - деди ал.

Төрөбаев «Азаттык» менен 5-каналдын иликтөөсүн мисал келтирип, ача пикир жаралганын белгиледи. Ал «Азаттыктын» иликтөөсүнөн кийин бирөөнүн кызыкчылыгы бар деген күмөн пайда болгонун жашырган жок.

Эл өкүлү маалыматтарды чагылдырууда маалымат булагын ким бергенин тактоо керек экенин кошумчалады. Анын айтымында, журналисттер берген маалыматты күч органдары дыкат текшерип чыкса, эл ичинде күмөн ойлор жаралбайт болчу. Эгерде өлкөдө криминалдык, интригалык, саясий туруксуздук боюнча маалыматтар көп жарыяланса туристтердин, инвестициянын саны кыскарып, экономикага, элге залакасын тийгизет.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком