19:47, 7 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Полковник, 2 баланын атасы... УКМКнын жаңы башчысынын өмүр баяны

На русском
09:21, 20 кулжа 2019 372
Орозбек Опумбаев
Орозбек Опумбаев

Баракелде -  Опумбаев Орозбек Найманович УКМКнын жетекчиси болуп дайындалган. Ал Жогорку Кеңештин кечээ, 19-июндагы отурумунда президент Сооронбай Жээнбековдун жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда ант берди.

О.Опумбаев 1963-жылы Фрунзе шаарында (учурда Бишкек) туулган. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Ал жогорку билимге жана полковник наамына ээ. Ошондой эле көптөгөн ведомстволук сыйлыктар жана «Даңк» медалы менен сыйланган.

Билими:

- СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, экономист адистиги;

- Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, юриспруденция адисти.

- Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин жогорку курстары.

Эмгек жолу:

- 1992-жылы УКМКнын органдарында кенже кызматкер болуп иштеп баштаган;

- 1995-2002-жылдары УКМКнын органдарындагы жетекчилик кызматтарда эмгектенген;

- 2002-жылдан тарта УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы;

- 2002-2006-жылдары УКМКнын чалгын башкармалыгынын башчысы;

- 2006-2010-жылдары УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы;

- 2012-2013-жылдары Президенттик аппараттын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

- 2013-2016-жылдары УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы;

- 2018-2019-жылдары УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары;

- 2019-жылдын 15-майынан тарта УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу;

- 2019-жылдын 18-июнунан тарта УКМКнын төрагасы.

АКИpress агенттигине белгилүү болгондой, анын ата-энеси Чүйдөгү Ысык-Ата районунун Кант шаарынын тургундары.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком