17:28, 15 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Парламенттик демократияны бекемдөө маселелери талкууланды

19:32, 19 кулжа 2019 91
Абдывахап Нурбаев
Абдывахап Нурбаев

Баракелде -  Бүгүн, 19-июнда туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча түзүлгөн жумушчу тобунун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Жарандардын жигердүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия» долбоорун талкуулаган жыйын өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, парламенттик аппараттын кызматкерлери, өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана башка тармактык серепчилер катышты. Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарышын көзөмөлдөгөн жумушчу топтун төрагасы — депутат Абдывахап Нурбаев аталган долбоордун маанилүүлүгүнө токтолуп, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн алкагында парламенттик демократиялык багытты күчтөндүрүү зарылчылыгын кошумчалады.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин коммуникациялык стратегиясы тууралуу маалымат берилип, депутаттар менен шайлоочулар ортосундагы байланышты чыңдоо маселелери талкууланды.

«Жарандардын жигердүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия» долбоору Кыргызстанда парламенттик демократияны бекемдөөгө багытталган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком