01:41, 20 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Валентина Шевченконун кезектеги беттеши белгилүү болду

На русском
16:04, 19 кулжа 2019 98
Валентина Шевченко
Валентина Шевченко

Баракелде -  10-августта Уругвай өлкөсүнүн Монтевидео шаарында кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченконун UFC уюмундагы кезектеги турнири болот. Бул тууралуу «ESPN» басылмасынын журналисти Третт Окамото билдирди.

Ал күнү жеңил салмак категориясындагы чемпиондук наам үчүн Валентина Шевченко америкалык Лиз Кармушка (13-6) каршы беттешет. Ошондой эле аталган турнирде кыргызстандык Рафаэль Физиев бразилиялык Алекс да Силва (20-2) менен күч сынашат.

2010-жылы Кармуш менен Шевченко ММА турниринде жолугушкан. Анда экинчи раундда дарыгерлер Валентинага мушташын улантууга тыюу салып, Кармуш утуп алган.

------------------------------------------------

Буга чейин 9-июнда Американын Иллинойс штатынын Чикаго шаарында UFC - UFC 238: Cejudo vs Moraes турниринде Валентина Шевченко чемпиондук курун коргоп калган.

Биринчи раундда Шевченко америкалык атаандашы Жессика Айга таамай соккуларды узаткан. Экинчи раундда ал атаандашын сулата тээп, чемпиондук курун коргоп калган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком