11:59, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Сиз уктап жатканда Салык инспекциясы териштирип баштады», - депутат Байкоочу кеңештин төрагасына

15:40, 19 кулжа 2019 360
Камчыбек Жолдошбаев («Онугуу-Прогресс»)
Камчыбек Жолдошбаев («Онугуу-Прогресс»)

Баракелде -  Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө күн тартибине киргизилген маселе — Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2018-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча Байкоочу кеңештин отчетун угуп жатышат.

Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев кыскача баяндама жасагандан кийин депутаттар суроо берип башташты.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев («Өнүгүү-Прогресс»): - КТРК өзүнчө белет жасап алып, жакшынакай кылып сатып, жанагы Сагын Ниязалиева деген өзүнчө билет сатып… Мен кечээ карасам контролер болуп, драм театрда жүрөт. Муну кандай деп ойлойсуз?

Жыпар Жекшеев: - Менде андай маалымат жок, сизден угуп жатам. Андай маалымат уккан да эмесмин, көргөн да эмесмин.

Камчыбек Жолдошбаев: - Иштебейсиңер да, кечээ 4-5 депутат барып, ошол жерде карап отурдук. Карап турсак ошол жерде туруп алып, элдерди киргизип жатат. Ошол жерге элдин баары кириптир. Белеттин акчасы кайда кетет?

Жыпар Жекшеев: - Сиз өзүңүз ойлоп көрүңүзчү, сиз көп кишилер менен иштейсиз. Ар бирин аңдып, ар бир жерде жүрө аласызбы? Жүрө албайсыз. Биз ар бир театрда же филармониянын алдында турушубуз керекпи, биздин кишилер жокпу билет сатып жаткан деп? Ал мүмкүн эмес да чындыгында. Эгерде факт болуп калса аны териштирип, кароого даярбыз.

Камчыбек Жолдошбаев: - Налоговый (Салык инспекциясы) териштирип баштады сиз уктап жатканда. Эсептөө палатасы чыгарып кеткен, жазып кеткен 70 млн сом боюнча чара көрдүңөрбү же көргөн жоксуңарбы?

Жыпар Жекшеев: - Кайсы 70 миллионду айтып жатасыз чыгарып кеткен деп?

Камчыбек Жолдошбаев: - Салык инспекциясынын маалым катында жүрөт.

Жыпар Жекшеев: - Ал санды жакшы билем. Биздин өзүбүздүн кирешеден, өзүбүз тапкан акчабызды бюджетке которгонбуз. Башка 70 млн сан деген башка жерде жок.

Камчыбек Жолдошбаев: - … бул жакка көп кишилер даттанып келип жатышат. Сагын Ниязалиеваны текшерип… Түшкөн акчага эмне үчүн белет жасап жатасыңар, корпорация жасаганга акысы барбы?

Жыпар Жекшеев: - Сиз айткандан кийин сөзсүз түрдө териштиребиз. Кайсы акча, эмне болгон акча мен азыр угуп жатам. Биз аны карап, изилдеп туруп сизге жооп берели.

Камчыбек Жолдошбаев: - Белет жасаганга КТРКнын акысы барбы?

Жыпар Жекшеев: - Эмне билет экени боюнча түшүнүгүм да жок. Эмне билет? КТРК эч качан белет сата элекпиз. Мындайча айтканда бизнес иштери менен алектенбейбиз. Башка тааныштарына жардам берип жүрсө аны мен түшүнбөйм.

Камчыбек Жолдошбаев: - Сармерден деген, ошол жерде белет жасап алып КТРК сатып жатат. Акчасын төгүп койгула. Коррупция менен силер алектенип жатасыңар.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком