00:08, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Депутат: Илим Карыпбеков кетип жатканда тай союп, түлөө беришкен дейт

На русском
15:15, 19 кулжа 2019 765
Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков

Баракелде -  Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө күн тартибине киргизилген маселе — Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2018-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча Байкоочу кеңештин отчетун угуп жатышат.

Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев кыскача баяндама жасагандан кийин депутаттар суроо берип башташты.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев («Өнүгүү-Прогресс»): - Урматтуу Байкоочу кеңештин өкүлдөрү, төрагасы, депутаттар, Мирлан Исакбекович, көңүлүңөрдү бөлүп айтайын дедим эле. Мурунку Илим Карыпбеков (КТРКнын мурунку жетекчиси) кетип жатканда корпорациянын эли чогулуп алып туруп, тай союп, түлөө берип кетирген дейт. Ошондо силерге кандай жилик тийген? Ошону айтып берсеңиз.

Жыпар Жекшеев: - Бул чындык менен эч кандай жакындыгы жок. Бул жөн эле ушак-айың сөздөр. Бизге эч ким тай союп, эч ким түлөө өткөрүп, коллективдин ичинде да андай болгон жок. Менин оюмча бул жөн эле сөздөр.

Камчыбек Жолдошбаев: - Жок, сизди чакырган жок, учаны төрагага тартканы, элдерди чогултканы касетада тартылган сүрөттөрү бар. Сизди эмнеге чакырмак эле туура эмес жүрсөңүз. Эмне унчукпай калдыңыз?…

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком