11:40, 24 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Экс-депутат Мира Жангарачева жаңы кызматка дайындалды

На русском
13:15, 19 кулжа 2019 132
Мира Джангарачева
Мира Джангарачева

Баракелде -  Жангарачева Мира Камилевна Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койгонун бүгүн, 19-июнда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Мира Жангарачева 1952-жылы туулган, жогорку билимдүү.

- Кыргыз мамлекеттик университети, тарых факультети;

- Москва мамлекеттик университети, философия илимдеринин кандидаты.

Ал 1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Буга чейин Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинин директору Шыгаев Юристанбек Абдиевич ээлеген кызматынан бошотулганы маалымдалган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком