12:42, 7 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Көптөгөн аткаминерлердин бизнеси мамлекеттик бюджеттен уурдалган акчага түптөлөт, - депутат

12:04, 19 кулжа 2019 140

Баракелде -  Көптөгөн аткаминерлер мамлекеттик каражатты жеке кызыкчылыгына жумшоонун кынуусун алышкан. Бул тууралуу депутат Аида Исмаилова Жогорку Кеңеште Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, алар министрликтер менен мекемелерге жетекчи болуп келери менен бюджеттик каражатты алып, жазага тартылбастан уурдалган акчаны уучтаган бойдон бизнеске киришет. Алардын бизнеси мамлекеттик бюджеттен уурдалган акчага түптөлөт.

Мындан тышкары депутат Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик акысыз кызмат көрсөтүү чараларын стандартташбаганын белгиледи.

«Мындайча айтканда, ушул кезге чейин калктын калыӊ катмарына кепилденген акысыз сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүлбөй келет. Муну да эстен чыгарбашыбыз керек», - деди Аида Исмаилова.

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов текшерүү учурунда мындай фактылар чыгып калса, андай мекемелерге эскертүүлөр берилип жатканын, алар аны милдеттүү түрдө жоюшу керек экенин белгиледи.

«Ал эми Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна кайрылсак, анын бюджети өтө чоӊ — 15 млрд сомдун тегерегинде. Текшерүү учурунда 21 млн 790 миӊ сом көлөмүндөгү каржы тартибин бузуу аныкталган, азыр анын жарымынын орду толтурулду. Адатта дары-дармектерди сатып алганда ашыкча акча калып калат. Ошондуктан каражатты туура бөлүүнү пландаштыруу зарыл», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком