17:25, 15 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Депутат: Аудиторлор 20 миң сом айлык алса «соблазн» болот. Эмгек акыны көтөрүү керек

11:05, 19 кулжа 2019 165

Баракелде -  Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө күн тартибине киргизилген маселе — Эсептөө палатасынын 2018-жылы аткарган иши боюнча төрага Улукбек Мариповдун отчетун угууну улантуу.

Суроо жана талкууга жазылган депутаттар У.Мариповго суроо берип, жооп алып жатышат. Депутат Улукбек Ормонов («Бир бол») У.Мариповго кайрылып, жанындагы аудиторлорго да суроого жооп берүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү суранды. Ошондой эле эл өкүлү аудиторлордун эмгек акысы боюнча суроо узатты.

У.Марипов аудиторлор өз тармагы боюнча маселелерге жооп бере турганын билдирди. Анын айтымында, Эсептөө палатасында айлык маяна министрликтерге караганда жакшы.

«Төраганын эмгек маянасы 26 миң 500 сом, аудитордуку 19 миң 900 сом. Бирок буга сөзсүз ар киминин өзүнүн стажына, наамына жараша кошумчалар берилет. Инспектордун маянасы 13 миң 600 сомдон башталат», - деди ал.

Депутат миллиондогон каражатты издеп таап жаткан адамдардын эмгек акысы көп болушу керек деп эсептейт.

«100 миллиондогон мыйзам бузууну тапкан киши 20 миң сом айлык алса, орусча айтканда "соблазн" болот. Ошондон чыгаруунун бирден бир жолу — эмгек акысын көтөрүү. 200-300 миң алганда гана жакшы деп айтсаңыз болот», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком