18:06, 23 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Президент Сооронбай Жээнбековдун өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсүнөн кийинки сөзү

10:44, 19 кулжа 2019 96

Баракелде -  Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү президент Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда ант беришти. Азем парламенттин бүгүн, 19-июндагы отурумунун алкагында болду.

Ант берүү аяктагандан кийин С.Жээнбеков акыркы эл аралык саясий маанилүү иш-чараларды атап, депутаттарга ыраазычылык билдирди.

«Урматтуу депутаттар, бүгүн сиздердин алдыңыздарда, элибиздин алдында, менин — президенттин алдында жаңы өкмөт мүчөлөрү ант беришти. Жаңы министрлерди, өкмөт мүчөлөрүн бүгүнкү өмүрүндөгү маанилүү окуя менен куттуктайм. Ошол эле мезгилде ант — бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик. Аны эч качан, эч убакта унутпагыла. Антыңарды ар дайым жүрөгүңөрдүн түбүндө кармап, күнүгө эстеп, антыңарга бекем туруп иштеп бергиле. Бардыгыңыздарга ийгиликтерди каалайм.

Урматтуу депутаттар, эл аралык саясий мааниси абдан чоң иш-чаралар өттү. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ци Цзиньпин мырзанын мамлекеттик иш сапары болду. Андан кийин Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын саммитин ийгиликтүү өткөрдүк. Моңголиянын президенти урматтуу Халтмаагийн Баттулга мырзанын расмий сапары болду. Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин расмий сапарын жемиштүү өткөрдүк. Бул визиттердин Кыргызстан үчүн саясий жана экономикалык мааниси абдан чоң. Бул иш-чаралар Кыргызстандын аброюн дагы бир жолу эл аралык деңгээлде көтөрдү. Элибиздин биримдигин, намыстуулугун, мекенчилдигин, дүйнөгө дагы бир жолу даңазаладык. Ушул уюшкандыкта өткөн абдан мааниси чоң иш-чарага төрага Дастан Артисбекович баш болгон депутаттар катыштыңыздар, сиздердин да салымыңыздар чоң. Сиздерге да чоң ыраазычылык билдирем.

Алдыда буюрса сиздерде шайлоочулар менен жолугушуулар болот. Андан кийин 1 ай эс аласыздар. Шайлоочуларга жолугушуу иштиктүү болсун. Жакшы эс алып келиңиздер. Сиздерди да абдан чоң иштер күтүп турат», - деп сөзүн жыйынтыктады.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком