00:09, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Экономика министри Санжар Муканбетов ант берди (видео)

10:19, 19 кулжа 2019 51

Баракелде -  Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин отурумунда президент Сооронбай Жээнбековдун жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда өкмөттүн жаңы шайланган мүчөлөрүнүн ант берүү аземи өтүп жатат.

Экономика министри Муканбетов Санжар Турдукожоевич да ант берди.

«Мен, Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызматына киришип жатып, өз элимдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын президентинин алдында Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниет жана берилип аткарууга жана кыргыз элине кызмат кылууга ант берем. Берген антымды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын», - деди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком