11:43, 24 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өкмөттүн аппаратынын жаңы жетекчиси Самат Кылжыев ант берди. Видео

10:10, 19 кулжа 2019 61

Баракелде -  Өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрү бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин отурумунда ант берип жатышат. Алардын ант берүү аземи президент Сооронбай Жээнбековдун жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда өтүп жатат.

Биринчи өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Кылжыев Самат Аскербекович ант берди.

«Мен, Кылжыев Самат Аскербекович Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчиси — министри кызматына киришип жатып, өз элимдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын президентинин алдында Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниет жана берилип аткарууга жана Кыргызстан элине кызмат кылууга ант берем. Берген антымды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын», - деди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком