13:12, 9 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Аламүдүндө мушкер катуу сабалды. Шектүү — 42 жаштагы тууганы

На русском
08:55, 19 кулжа 2019 382
Жабырлануучу
Жабырлануучу

Баракелде -  Аламүдүн районундагы Виноградное айылында MMA мушкери катуу сабалган. Чүй ОИИБ окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат таратты.

Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кечээ, 18-июнда саат 15:46да аймактык ооруканадан эркек адам денесинен жаракат алганы тууралуу билдирүү түшкөн. Ооруканага дароо ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Милиция кызматкерлери жабырлануучунун өздүгүн аныктап, ал Виноградное айылынын 24 жаштагы тургуну Ю.М. экени такталган. Ал арыз жазып, саат 14:00 чамасында аны сабап, уюлдук телефонун жана 500 миң сомун алып кетишкен адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Окуядан кийин жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бул факт Жазык кодексиндеги 202-берене (каракчылык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн аныктап, алардын бири — 42 жаштагы А.К. кармалды.

Шектүүнүн баары туугандар болгон. Кармалган А.К. да жабырлануучунун тууганы экени аныкталды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп, сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат.

------------------------------------------------------------------

Буга чейин Аламүдүн районундагы Виноградное айылында MMA мушкери Муса Юсуповго кол салуу кечээ, 18-июнда айылдагы мечиттин жанында намаз окулуп бүткөндөн кийин болгонун АКИpress агенттигине анын тууганы Мамед билдирген.

Спортчунун тууганынын айтымында, жергиликтүү 6 жашоочу намаздан кийин велосипедчен кетип бара жаткан М.Юсуповду арматура менен сабашкан.

«Бутун сындырып, башына да бир нече жолу урушкан. Ооруканага бара жатканда эс-учун жоготуп жатты. Учурда ал оор абалда Чүй облустук ооруканасында жатат», - деген М.Камалов.

Анын айтымында, кол салган адамдардын айрымдары Казакстандын аймагына чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.

«Милиция Муса ооруканага түшкөндөн кийин гана биздин кабарды кабыл алды», - деген Мамед.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком