11:37, 24 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандын таэквондочулары Өзбекстандагы турнирден байгелүү кайтышты

На русском
17:54, 18 кулжа 2019 64
Таэквондо ITF
Таэквондо ITF

Баракелде -  Кыргызстандык таэквондочулар Өзбекстанда болгон эл аралык турнирде алты медалга ээ болушту. Таэквондо федерациясы билдиргендей, Евразия Кубогу 13-17-июнда Фергана шаарында болуп өттү.

Медаль үчүн Өзбекстан, Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн 800 спортчусу күч сынады.

Ал эми Кыргызстандын атынан машыктыруучулар Ибрагим Насыров менен Диербек Юлдашовдун жетекчилиги астында 10 спортчу катышты. Турнирдин жыйынтыгы менен кыргызстандык спортчулар бир алтын, эки күмүш жана үч коло медаль утуп келишти.

Алтын

75 килограммга чейин - Хамрозбек Рузибаев (чоңдор арасында)

Күмүш

58 килограммга чейин - Асадбек Тажибаев (16-17 жаш)

20 килограммга чейин - Хожиябону Умаржанова (7-8 жаш)

Коло

70 килограммга чейин - А.Анасхон (16-17 жаш)

20 килограммга чейин - Ойбек Абдурахимов (7-8 жаш)

Б.Шермаматов - (6 -10 жаш).



Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком