18:07, 23 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Менин сөзүмдү бөлгүдөй сен кимсиң?»: Депутат Өкмөттүн аппаратынын кызматкерине

На русском
16:12, 18 кулжа 2019 1542

Баракелде -  Депутат Искандер Гаипкулов («Ата Мекен») бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда сөзүн бөлгөндөргө нааразычылык билдирди.

Эл өкүлү вице-премьер-министр Замирбек Аскаровго суроо берип жатканда Өкмөттүн аппаратынын интеграциялык процесстер жана макроэкономика секторунун башчысынын орун басары барган.

«Мен суроо берип жатканда ким сүйлөшүп жатат? Сен кимсиң? Менин сөзүмдү бөлгүдөй депутатсыңбы же кимсиң?», - деди нааразы болгон эл өкүлү.

Өкмөттүн аппаратынын кызматкери Гаипкуловдон кечирим сурады.

Ал эми З.Аскаров аталган кызматкер депутаттын суроосуна жооп берүү үчүн жардам берип жатканын билдирди.

Бул учурда комитетте «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн инвестиция тартуу жана коргоо, ишкердикти, өндүрүштү өнүктүрүү жана товарды сырткы рынокто илгерилетүү боюнча саясаты жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомун аткаруу боюнча маселелер каралды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком