11:02, 16 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Алмазбек Атамбаев боюнча түзүлгөн комиссия 6 айыпты калтырды

На русскомНа русском
15:03, 18 кулжа 2019 343

Баракелде -  Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин маселеси боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын иши жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештеги Мыйзамдуулук, сот-укук маселелери жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитеттин отурумунда депутат Талант Мамытов билдирди.

Ал комиссиянын чечимдерин карап чыгууну суранды.

-------------------------------------------------------------

Атайын түзүлгөн комиссиянын тыянагы менен А.Атамбаевге коюлган 9 айыптын ичинен алтоо калды.

Алар:

1. Демилгечи топтун айыптоосунда Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда өз кызыкчылыгына бийликтин бардык бутактарын пайдаланып, уюшкан кылмыштуу топ түзгөн. Анын режимине каршы чыккан Жогорку Кеңештин депуттарын, сотторду, коомдук ишмерлерди, ошондой эле журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрүн куугунтукка алган.

2. Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы болуп турган учурда анын катышуусу менен кылмыш жазасын өтөп жаткан «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев түрмөдөн мыйзамсыз бошотулган;

3. «Дастан» ишканасынын айрым жетекчилеринин көмөгү менен Арашан айыл аймагынан жер алып, жеке турак жай курган;

4. Анын кирешелери менен чыгашалары жөнүндөгү декларациясында мүлктөрү ээлик кылган мүлктөрүнө дал келбейт;

5. 2016-жылы 1-декабрда мурунку башкы прокурор Аида Салянова социалдык тармактагы баракчасына Атамбаевдин Бишкек ЖЭБге «Прогресс компани» ЖЧКнын мыйзамсыз көмүр жеткирүүсүнө катыштыгы тууралуу жазган. Кылмышка эл арасында «Граф» атка конгон казак олигархынын тиешеси бар экени да жазылган;

6. Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция.

-----------------------------------------------------------

Буга чейин Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу кылмыш иштин алкагында Алмазбек Атамбаевдин иши өзүнчө өндүрүшкө алынып, ал коррупция боюнча айыпталып жатканын УКМКнын Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Самидин уулу Сагынбек билдирген.

Анын айтымы боюнча, материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Ал эми депутат Каныбек Иманалиев Атамбаев Бишкектеги ЖЭБди модернизациялоо боюнча чечимди өзү кабыл алганын билдирген. «Иш учурда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматында. Бул тууралуу айтып бериңиз», - деген депутат УКМКнын өкүлүнө.

Ал эми УКМКнын өкүлү Самидин уулу Сагынбек аталган факт 319-берене (коррупция) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнүн айткан.

«Экс-президенттин тиешеси бар болгон материалдар өзүнчө өндүрүшкө алынып, Башкы прокуратурага жөнөтүлдү», - деп жооп берген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком