14:01, 9 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Чиркөөдөн баалуу буюмдарды уурдаган жигит китептеги жазуу аркылуу кармалды. Сүрөт

На русском
13:44, 18 кулжа 2019 511
// МВД КР

Баракелде -  Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын жана Түп РИИБдин кызматкерлери уурулукка шектүү жигитти кармап, чиркөөгө буюмдарды кайтарып беришти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

24-майга караган түнү белгисиз адамдар Түп айылындагы чиркөөгө кирип, эски китептерди, иконаларды, чиркөө туусун жана башка чиркөө эмеректерин уурдап кетишкен. Болжол менен бир айдан кийин милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныкташты. Ысык-Көл облусунун 24 жаштагы тургуну түндө чиркөөгө киргени такталган.

Аталган кылмыштын бети жарандардан түшкөн маалымат аркылуу ачылган. Бишкек шаарындагы базарлардын биринде белгисиз адамдар эки чиркөө китебин 2 миң сомго сатып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө аталган китептердин биринин барагында Ысык-Көл облусундагы чиркөөгө белекке берилгени тууралуу жазуу табылган.

«Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө табылган китептер Түп айылындагы чиркөөгө тиешелүү экени такталып, шектүү катары Ысык-Көл районунун Темир айылынын 1995-жылы туулган тургуну К.у.К. кармалды. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгон. Кийинчерээк чиркөөдөн уурдалган башка буюмдар да табылды. Түп айылынын аймагынан иконалар жана башка бумдар алынды. Шектүү уурдалган буюмдарды бадалдын арасына катып койгон», - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат. Болжолдуу маалымат боюнча, уурдалган эски китептин бири 30 миң сомдон ашык акчага бааланат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком