11:39, 24 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Алмазбек Атамбаев боюнча түзүлгөн атайын комиссиядагы пикир келишпестик

На русском
12:46, 18 кулжа 2019 293
// АКИpress

Баракелде -  Экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын бүгүн, 18-июндагы отурумунда пикир келишпестик жаралды.

Комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Сагынбек Самидин уулунан депутаттардын катында айтылган 4 пункт — Тарых музейи, «Датка-Кемин» электр энергия берүү линиясы, Түндүк—Түштүк альтернативдик жолу, Жогорку Нарын ГЭС боюнча сурады.

Сагынбек Самидин уулунун айтымында, УКМКда «Датка-Кемин» долбоору, Жогорку Нарын ГЭС боюнча маалымат жок. Ал эми Тарых музейин оңдоого байланыштуу А.Атамбаевдин аты аталган иш өзүнчө өндүрүшкө алынган. Түндүк—Түштүк альтернативдик жолу боюнча текшерүү жүрүп жатат.

К.Иманалиев депутаттык комиссия 4 эпизоддун үчөөнү (Тарых музейинен тышкары) карабай турганын билдирди.

Анын пикирине комиссиянын төрагасынын орун басары Талант Мамытов кошулган жок. Анын айтымында, бул маселени К.Иманалиев өзү эмес, комиссия чогуу чечиши керек. Ал бул долбоорлор маанилүү жана көп мыйзам бузуулар болушу мүмкүн деп эсептейт.

Эл өкүлүн депутат Кожобек Рыспаев колдоп, «Датка-Кемин» электр энергия берүү линиясын курууда эреже бузуулар көп болушу мүмкүн экенин белгиледи.

К.Иманалиев эгер материалдар жок болсо, анда комиссия карабай турганын билдирди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком