21:49, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Башкы прокуратура А.Атамбаевге коюлган 8 айыпты каттады

На русском
12:06, 18 кулжа 2019 218
// АКИpress

Баракелде -  Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссия тарабынан айтылган 9 факттын сегизин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда комиссиянын кезектеги отурумунда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директорунун орун басары Талантбек Кожонов билдирди.

Комиссия тарабынан айтылган 1 факт — А.Атамбаев премьер-министр болуп иштеп жатканда ок атуучу куралдарды бергени катталган жок.

Комиссиянын кечээ, 17-июндагы отурумунда А.Атамбаевге 9 айып коюлган:

1. Алмазбек Атамбаев премьер болуп турганда чет өлкөлүк 123 адамга, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнө ок атуучу куралдарды тартуулаган. Мындай жосундар улуттук мыйзамдардын жоболоруна кайчы келет.

2. А.Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү жайгашкан жер тилкесин алууда мыйзамдагы талаптар аткарылган эмес;

3. Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы болуп турган учурда анын катышуусу менен кылмыш жазасын өтөп жаткан «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев түрмөдөн мыйзамсыз бошотулган.

4. Алмазбек Атамбаев жерди транформациялоого мораторий жарыяланганына карабай, 39,65 гектар жерди мыйзамсыз жайыт категориясына которткон.

5. «Дастан» ишканасынын айрым жетекчилеринин көмөгү менен Арашан айыл аймагынан жер алып, жеке турак жай курган;

6. Анын кирешелери менен чыгашалары жөнүндөгү декларациясында мүлктөрү ээлик кылган мүлктөрүнө дал келбейт;

7. Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жана Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин укукка каршы келген иш-аракеттеринин кесепетинен Чоң-Сары-Ойдогу 4,6 га жер бекитилген жер мыйзамын бузуу менен «Фрунзе Резортка» берилген. Кийинчерээк жер тилке экиге бөлүнүп, алардын бири Атамбаевге катталган.

8. Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция. ЖЭБди реконструкциялоодо насыя каражаттары туура эмес пайдаланылып, ири көлөмдөгү зыян келтирилгени тууралуу маалыматтар.

9. 2016-жылы 1-декабрда мурунку башкы прокурор Аида Салянова социалдык тармактагы баракчасына Атамбаевдин Бишкек ЖЭБге «Прогресс компани» ЖЧКнын мыйзамсыз көмүр жеткирүүсүнө катыштыгы тууралуу жазган. Кылмышка эл арасында «Граф» атка конгон казак олигархынын тиешеси бар экени да жазылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком