03:45, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өлүм менен коштолгон үйлөнүү той: Тажикстандагы жол кырсыктан 2 адам көз жумду

На русском
10:19, 18 кулжа 2019 733

Баракелде -  Тажикстандагы үйлөнүү той кырсык менен аяктады. 16-июнда Тажикстандын Гиссар шаарында тойго бара жаткан «Тико» үлгүсүндөгү унаа 300 метр бийиктиктен кулап, эки аял каза болгонун «Ахбор» басылмасы билдирди.

Ал эми «Оила» жергиликтүү басылмасы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен үйлөнүү тою болуп жаткан кыздын апасы менен тай эжеси каза болду.

Буга чейин Тажикстандын ИИМнин басма сөз кызматы 16-июнда болжол менен саат 09:30 чамасында 1970-жылы туулган Буриев Ахлиддин Хусейнович «Тико» үлгүсүндөгү унаасын башкара албай, Төмөнкү Турушбог айылынын аймагында унаасы менен 300 метр бийиктиктен кулап кеткенин маалымдаган.

«Кырсыктын кесепетинен унаанын эки жүргүнчүсү: 1973-жылы туулган Буриева Соатой Хусейновна менен 1986-жылы туулган Буриева Фарогат Хусейновна алган жаракатынан улам ооруканада көз жумду. Ал эми айдоочу менен 2018-жылы туулган Юсупова Нозия ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилди», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком