01:35, 20 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Германия жана Чехияда жашаган кыргызстандыктар футболдо мелдешти (сүрөт)

09:36, 18 кулжа 2019 71

Баракелде -  Берлин шаарында 15-июнь күнү Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин кубогуна арналган тогузунчу футболдук турнир өткөрүлдү. Турнир жыл сайын элчилик тарабынан уюштуруларын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдешке Германияда жана Чехияда жашаган кыргызстандыктардан түзүлгөн 10 команда катышты. Тактап айтканда, футболдук командалар Берлин, Прага, Гамбург, Мюнхен, Түндүк Рейн-Вестфалия, Баден-Вюртемберг жана Хессен шаарларында жашаган мекендештерден куралган.

Германиядагы элчи Эринес Оторбаев мекендештерге турнирге активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, турнирдин негизги максаты сергек жашоону жана спортту колдоо, ошондой эле Германияда жашаган кыргызстандык жаштарды бири-бири менен байланыштыруу экенин баса белгиледи.

«KG-Praga» жана «Алга-Берлин» футболдук командалары финалга чыгышты. Финалдык оюндун жыйынтыгында «KG-Praga» командасы элчинин кубогун жеңип алды. Ал эми 3-орунга «Kyrgyzstan-Berlin» командасы ээ болду.

Мындан тышкары «Мыкты оюнчу», «Мыкты дарбазачы» наамдары боюнча дипломдор ыйгарылып, «KG-Praga», «Алга-Берлин» жана «Kyrgyzstan-Berlin» командалары тиешелүү медалдарды алышты. Турнирден кийин аларга элчилик тарабынан улуттук тамак-аштар берилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком