06:20, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Манас» жана Чыңгыз Айтматовго байланышкан жаңы мекеме түзүлдү

18:49, 17 кулжа 2019 153

Баракелде -  Кыргызстанда «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» деп аталган мамлекеттик мекеме түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 17-июнда билдирди.

Өкмөттүн тиешелүү токтомуна премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул чечим президенттин 2019-жылдын 31-январындагы «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Бул мекеменин негизги максаттары жана милдеттери:

- «Манас» эпосунда жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган рухий баалуулуктарды өсүп келе жаткан муун арасында кеңири жайылтуу жана ар тараптуу изилдөө, сактоо, ошондой эле идеяларды дүйнөлүк масштабда жайылтуу, таланттуу манасчыларды тарбиялоо;

- «Манас» эпосунун жана көрүнүктүү инсан – Чыңгыз Айтматовдун маданий мурасын сактоо үчүн шарттарды түзүү.

Уюмдун ишмердүүлүгүндө илимий, техникалык жана искусство таануу изилдөөлөрүнө аракеттешүү;

- «Манас» эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Чыңгыз Айматовдун чыгармачыл мурасында камтылган рухий, моралдык жана этикалык баалуулуктарды жайылтуу;

- илимий-практикалык жана илимий-техникалык конференцияларды уюштуруу, өткөрүү жана катышуу;

- эмгектерди, мезгилдүү басылмаларды жана тематикалык түрмөктөрдү басып чыгаруу;

- аудио-видео, окутуу-агартуучу, таанып-билүүчү материалдарды даярдоо; көргөзмөлөрдү уюштуруу, сувенирлерди жасап чыгаруу сунушталган.

Бул мекеменин президенти болуп Топчубек Тургуналиев, вице-президенти болуп жазуучунун уулу Элдар Айтматов дайындалды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком