10:00, 23 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Мал уурдоого шектүү жаран кыргыз-казак чек арасын кесип өткөн

На русском
18:37, 17 кулжа 2019 83

Баракелде -  Москва РИИБдин кызматкерлери тарабынан мал уурулукка шектүү жаран кармалды. Ал чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, Москва РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн Өзбекстандын 45 жаштагы жаранын кармашкан.

«Кармалган жарандын мал уурдоого шектелип жаткандыгы аныкталды. Буга чейин Москва РИИБге 41 жаштагы жаран кайрылган. Ал 4-июнда Петровка айылында 14 баш малын уурдап кеткен белгисиз жаранга чара көрүүнү өтүнгөн», - деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүргүзүлүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком