18:51, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Москвада өткөн фестивалда кыргызстандык көк бөрүчүлөр унаа утуп алышты (сүрөт)

18:13, 17 кулжа 2019 351
Москвада өткөн спорттук фестиваль
Москвада өткөн спорттук фестиваль

Баракелде -  Москвада Евразия жана Россия элдеринин спорттук фестивалы өттү. 12-июнь күнү өткөн фестивалда кыргыздын улуттук көк бөрү, эр эңиш, кыз куумай оюндары көрсөтүлдү. Бул тууралуу кабарчыга Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык Нурбек Курбаналиев билдирди.

Кыргызстандан барган «Атуул» командасы көк бөрү боюнча мелдештин финалына чейин жетип, финалда Тажикстандын көк бөрүчүлөрүн 7:2 эсебинде жеңип, баш байгеге коюлган унааны алышкан.

Ошондой эле Москвадагы кыргыз диаспорасынын координациялык кеңешинин спорт комитетинин жетекчиси Бакыт Жаманбаев баштаган машыктыруучулар Белбоо Качкынбаев, Бакыт Сулайманов, Кыялбек Чилетов кыргыз күрөш боюнча мелдешке катышып, 3 алтын, 2 күмүш, 2 коло медалдарды тагынышты.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын маданият боюнча жетекчиси Майрам Туралиеванын айтымында, фестивалда кыргыздын улуттук кийимдери көрсөтүлүп, ыр-күүлөрү дагы жаңырды.

Фестивалга Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү катышып, Кыргызстандын атынан катышкан мекендештерибизге элчи Аликбек Жекшенкулов ыраазычылык жана алкыш каттарын тапшырган.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком