21:50, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Уранды изилдөөгө жана иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоор талкууланды

18:00, 17 кулжа 2019 95

Баракелде -  Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасында уран, торий аралашкан кендерди изилдөө, чалгындоо, иштетүү максатындагы ар кандай иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоору депутаттардын тобу тарабынан иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору боюнча демилгечи депутаттардын бири Алмамбет Шыкмаматов баяндама жасады. Анын айтымында, мыйзам долбоору менен уран, торий аралашкан кендерди изилдөө, чалгындоо, иштетүүдөн сырткары, сырттан алып кирүүгө дагы тыюу салынат. Ошондой эле бул багытта берилген лицензиялар жокко чыгарылат.

Талкууда депутат Мухтар Айнакулов уран, торий казып баштаган компаниялардын мындан аркы тагдырына кызыкты. Баяндамачы мындай компаниялар өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чечилерин маалымдап, мыйзам долбоору рекультивация иштеринде жайылтылбастыгын түшүндүрүп берди.

Депутат Асылбек Жээнбеков мыйзам долбоорунда ар кандай жаратылыш кырсыктарынан — жер титирөөлөрдөн, сел каптоолордон улам ачылып калган уран калдыктарын жабуу үчүн мүмкүнчүлүктөр эске алынышы керектигин баса белгиледи. Депутат Абылкайыр Узакбаев баштаган бир катар эл өкүлдөрү уран, торий башка уруксат берилген кендер менен кошо чыгып калган учурларда аталган мыйзам кандай иштей тургандыгын эске алууну сунушташты.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун концепциясын бир добуштан колдоп беришти.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком