11:45, 24 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Атайын комиссия тарабынан А.Атамбаевге коюлган 9 айып. Тизме

На русском
16:06, 17 кулжа 2019 602
// АКИpress

Баракелде -  Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңеште мурунку президентти макамынан ажыратуу үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Талант Мамытов демилгечилер тобунун Жогорку Кеӊештин төрагасына жазган кайрылуусу менен тааныштырып, экс-президент Алмазбек Атамбаев президенттик ыйгарым укуктарын аткарып жаткан учурда көптөгөн мыйзам бузууларга жол бергенин белгиледи.

1. Алмазбек Атамбаев премьер болуп турганда чет өлкөлүк 123 адамга, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнө ок атуучу куралдарды тартуулаган. Мындай жосундар улуттук мыйзамдардын жоболоруна кайчы келет.

2. А.Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү жайгашкан жер тилкесин алууда мыйзамдагы талаптар аткарылган эмес;

3. Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы болуп турган учурда анын катышуусу менен кылмыш жазасын өтөп жаткан «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев түрмөдөн мыйзамсыз бошотулган.

4. Алмазбек Атамбаев жерди транформациялоого мораторий жарыяланганына карабай, 39,65 гектар жерди мыйзамсыз жайыт категориясына которткон.

5. «Дастан» ишканасынын айрым жетекчилеринин көмөгү менен Арашан айыл аймагынан жер алып, жеке турак жай курган;

6. Анын кирешелери менен чыгашалары жөнүндөгү декларациясында мүлктөрү ээлик кылган мүлктөрүнө дал келбейт;

7. Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жана Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин укукка каршы келген иш-аракеттеринин кесепетинен Чоң-Сары-Ойдогу 4,6 га жер бекитилген жер мыйзамын бузуу менен «Фрунзе Резортка» берилген. Кийинчерээк жер тилке экиге бөлүнүп, алардын бири Атамбаевге катталган.

8. Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция. ЖЭБди реконструкциялоодо насыя каражаттары туура эмес пайдаланылып, ири көлөмдөгү зыян келтирилгени тууралуу маалыматтар.

9. 2016-жылы 1-декабрда мурунку башкы прокурор Аида Салянова социалдык тармактагы баракчасына Атамбаевдин Бишкек ЖЭБге «Прогресс компани» ЖЧКнын мыйзамсыз көмүр жеткирүүсүнө катыштыгы тууралуу жазган. Кылмышка эл арасында «Граф» атка конгон казак олигархынын тиешеси бар экени да жазылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком