04:50, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Талант Дүйшөбаевдин уулу гандбол боюнча Европа Кубогун жеңип алды

На русском
14:07, 17 кулжа 2019 129
Алекс Дуйшебаев
Алекс Дуйшебаев

Баракелде -  Кыргызстандык Талант Дүйшөбаевдин улуу баласы Алекс гандбол боюнча Европа Кубогун жеңип алды.

Турнир 2018-жылдын октябрь айында 4 кураманын катышуусунда башталган. Анда курамалар бири-бири менен өз үйүндө жана конок катары ойноду.

13-июндан 16-июнга чейин жыйынтыктоочу тур болуп өттү. Анда Алекс Дүйшөбаев ойногон Испания курамасы Швеция курамасын 33:25 эсеби менен утту.

Ал эми акыркы турда Испания менен Норвегия беттешкен. Оюндун биринчи бөлүгү тең чыгуу менен аяктап, экинчи бөлүгүндө Алекс Дүйшөбаевдин командасы атаандашын 31:30 эсебинде жеңип алды.

-------------------------------------------

Буга чейин Талант Дүйшөбаевдин «Виве Кельце» командасы (Польша) гандбол боюнча Польшанын чемпионатын жеңип алган.

25-майда жогорку лигада «Виве Кильце» командасы менен Плоцк шаарынын «Висла» командасы жооптук оюн өткөргөн болчу. Биринчи оюнда эки команда 26:26 упай менен тең чыгышкан.

Ал эми жооптук оюнда Талант Дүйшөбаевдин командасы өз аянтында атаандашын кабыл алган. Оюндун жыйынтыгында 32:25 (58:51 эки оюндун эсеби менен) эсеби менен жеңүүчү аталган.

«Виве Кильце» командасынын курамында Талант Дүйшөбаевдин улуу баласы Алекс дагы ойногон.

Талант Дүйшөбаев 2014-жылы польшалык клубдун башкы машыктыруучусу болуп дайындалган. Ошондон бери анын командасы 6 жолу өлкөнүн чемпионатын утту. Ал эми «Виве Кильце» командасы жалпысынан Польшанын чемпионатын 11 жолу жеңген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком