01:52, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өмүр бою дисквалификацияланган россиялык машыктыруучу жөө күлүктөрдү Кыргызстандан машыктырган

На русском
13:13, 17 кулжа 2019 101
Владимир Казарин
Владимир Казарин

Баракелде -  Өмүр бою дисквалификацияланган машыктыруучу Владимир Казарин россиялык жөө күлүктөрдү Кыргызстандан машыктырып жатканы байкалды. Бул тууралуу «ТАСС» басылмасы билдирди.

Россиялык допингге каршы агенттигинин башкы директорунун орун басары Маргарита Пахноцкая Казарин 7 спортчуну даярдоого түздөн-түз катышканын тастыктады.

Ал эми дисквалификацияланган машыктыруучунун астында иштеген жөө күлүктөргө карата чара колдонулду. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төрт иш ачылып, эки эскертүү берилди. Ошондой эле россиялык допингге каршы агенттигинин эскертүүсүнө карабай Казарин менен машыгууну уланткан спортчуларга кылмыш иши ачылды.

2015-жылы Дүйнөлүк антидопинг агенттиги жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Казарминге допингге каршы эрежелерди бузду деген айып тагылган. Германиялык телеканалдардын биринде россиялык жөө күлүктөрдүн систематикалык түрдө допинг колдонгону тууралуу тасма көрсөтүлгөндөн кийин тергөө башталган.

Тергөөнүн жыйынтыгында Россия Федерациясы Жеңил атлетика федерациясынын эл аралык ассоциациясынын мүчөлүгүнөн ажыраган. Россиялык уюмдун макамы азыркыга чейин калыбына келтирилген эмес.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком