11:09, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги эл аралык турнирде кыргызстандык балбандар 6 алтын тагынды (тизме)

На русском
12:45, 17 кулжа 2019 134
Вольная борьба
Вольная борьба

Баракелде -  Бишкек шаарында эркин күрөш боюнча эл аралык турнир өттү. Мелдеш Каба уулу Кожомкулдун элесине арналып уюштурулган.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жалпы 10 топтом медаль ойнотулуп, кыргызстандык спортчулар 6 алтын медаль утушту. Турнирдин биринчи күнүндө, тактап айтканда 13-июнда 5 салмак даража боюнча медалдар ойнотулду. Кыргызстандык балбандар бул күнү 8 медаль — 4 алтын жана 4 коло байге жеңди.

Ал эми турнирдин экинчи күнүндө 61 килограммга чейинки спортчулар арасында Улукбек Жолдошбеков, 79 килограммга чейинки салмакта Саякбай Усупов алтын медаль тагынды. Турнирдин жеңүүчүлөрү Нур-Султан шаарындагы дүйнө чемпионатына катышуу укугуна ээ болду. Аталган чемпионатта 2020-жылда Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулат.

Жыйынтык

57 кг чейин

1. Алмаз Сманбеков (Кыргызстан)

2. Акбар Курбанов (Казакстан)

3. Мухамад Икромов (Тажикстан) жана Рахат Калжан (Казакстан)

61 кг чейин

1. Улукбек Жолдошбеков (Кыргызстан)

2. Нурислам Санаев (Казакстан)

3. Жахонгирмирза Туробов (Өзбекстан) жана Жандос Исмаилов (Казакстан)

65 кг чейин

1. Нургазы Абдуразаков (Жалал-Абад)

2. Чингизхан Ердоган (Түркия)

3. Темуржон Усмонохунов (Өзбекстан) жана Тилек Шаршеев (Кыргызстан)

70 кг чейин

1. Ильяс Жумай (Казакстан)

2. Исламбек Оролбеков (Кыргызстан)

3. Руслан Садыбакасов (Кыргызстан) жана Мейржан Ашыров (Казакстан)

74 кг чейин

1. Арсалан Будажапов (Кыргызстан)

2. Енес Услу (Түркия)

3. Болат Сакаев (Казакстан) жана Мансур Сыргак уулу (Кыргызстан)

79 кг чейин

1. Саякбай Усупов (Кыргызстан)

2. Эли Керимов (Казакстан)

3. Мейир Кошкинбаев (Казакстан) жана Айдар Балданбаев (Казакстан)

86 кг чейин

1. Алигаджи Гамидгаджиев (Кыргызстан)

2. Азамат Даулетбеков (Казакстан)

3. Саид Аббазов (Казакстан) жана Бахтияр Избасаров (Казакстан)

92 кг чейин

1. Эльхан Асадов (Казакстан)

2. Нургали Нургайпулы (Казакстан)

3. Абдиманап Байгенжеев (Казакстан) жана Сергии Ньургун (Россия)

97 кг чейин

1. Риза Ялдирим (Түркия)

2. Ибрахим Гифтши (Түркия)

3. Магомед Мусаев (Кыргызстан) жана Арсланбек Турдубеков (Кыргызстан)

125 кг чейин

1. Хасанбай Рахимов (Өзбекстан)

2. Музафар Жаппуев (Кыргызстан)

3. Рустам Искандари (Тажикстан) жана Юсуп Батырмурзаев (Казакстан)

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком