10:09, 23 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Президент Х.Баттулга кыргызстандык дзюдочуларды Моңголияга чакырды

На русском
11:38, 17 кулжа 2019 82
Халтмаагийн Баттулга менен Жолдошбек Көлбаев
Халтмаагийн Баттулга менен Жолдошбек Көлбаев

Баракелде -  Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасынын мүчөлөрүн чогуу машыгууга чакырды. Бул тууралуу Улуттук дзюдо федерациясынан билдиришти.

Бишкек шаарында 13-июнда Халтмаагийн Баттулга менен федерациянын президенти Жолдошбек Көлбаев жолугушуп, Кыргызстан менен Моңголиянын дзюдо федерацияларынын кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

«Моңголиянын президенти, ошол эле учурда Моңголиянын дзюдо федерациясынын президенти Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрүн 2020-жылдагы Олимпиада оюндарына чогуу даярданууга чакырды», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Ж.Көлбаев 68-ёкодзун (сумо боюнча жогорку наам) Долгорсурэнгийн Дагвадорж менен жолугушту.

WhatsApp Image 2019-06-16 at 11.39.48

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком