08:42, 18 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Профсоюздар үйүн нааразы болгондор курчап турат (сүрөт)

На русском
11:16, 17 кулжа 2019 256

Баракелде -  Бүгүн, 17-июнда Бишкек шаарындагы Профсоюз федерациясынын имаратынын жанында каршылык акциясы өтүп жатат. Федерациянын өкүлдөрү менен мүчө болгон уюмдар «Профсоюздар жөнүндөгү» жаңы мыйзам долбооруна каршы.

Чогулгандардын айтымында, бул мыйзам долбоору БУУнун конвенциясына каршы келет.

Республикалык энергетиктердин профсоюздук комитетинин өкүлү Жылдыз Жангарачеванын айтымында, жаңы мыйзам долбоору боюнча бардык профсоюздар Профсоюздар федерациясына отчет бериши керек.

Профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Рыскүл Бабаева: «Профсоюздардын иши жогорку жактан эмес, төмөн жактан башталышы керек. Бул мыйзам долбоору менен профсоюздарды жоголууга дуушар кылабыз. Эгерде биз өзүбүздү коргой албасак, анда эмгекчилердин укугун кантип коргойбуз?», - деп кошумчалады.

Бул мыйзам долбоору 13-июнда Жогорку Кеңеште 1-окууда кабыл алынган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком