14:07, 9 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт: Россиядагы жол кырсыктан кыргызстандык жарандар жабыркады

На русском
08:56, 17 кулжа 2019 441

Баракелде -  Россиянын Оренбург облусундагы жол-транспорт кырсыгынан Кыргызстандын 4 жараны жабыркады. Окуя кечээ, 16-июнда эртең менен болгонун жергиликтүү басылмалар жазды.

Кыргызстанда катталган «Хендай» үлгүсүндөгү кичи автобус менен «Газель» унаасы кагышкан. «Газелде» Россиянын 3 жараны — жубайлар жана алардын небереси бара жаткан. Ал эми кичи автобустагы кыргызстандык жарандардын ичинен 1988-жылы туулган Б.К.нын оң билеги сынып, дагы бир жүргүнчү аял, 1963-жылы туулган М.К. ооруканага жеткирилди. Айдоочу — 1979-жылы туулган Н.Д. ооруканада дарылануудан баш тартты.

«Газель» унаасындагы 1962-жылы туулган В.Е. жана 2014-жылы төрөлгөн кыз ооруканага жеткирилди. Кырсыктын кесепетинен айдоочу — 1960-жылы туулган А.Е. көз жумду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком