11:10, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео — Президенттер кандай учактар менен учат?

15:29, 16 кулжа 2019 168

Баракелде -  Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон 8 өлкөнүн жана байкоочу 4 мамлекеттин лидерлери 14-июнда Бишкек шаарында жолугушкан. Президенттер жана премьер-министрлер кандай учактар менен келгенин видеодон көрүңүз.

--------------------------------------------------------------------------------

Жыйынга ШКУга мүчө болгон мамлекеттердин башчылары — Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Ошондой эле ШКУга байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери — Афганистандын президенти Ашраф Гани, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Ирандын президенти Хасан Рухани, Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга келген.

Конокторду жыйынга төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында тосуп алган. Андан кийин алгач тар курамдагы жыйын өттү.

Жыйын байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңири курамда улантылды.

Катышуучулар сүйлөгөндөн кийин — жыйындын жыйынтыгы менен Бишкек декларациясына кол коюлду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком