18:09, 23 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстанда 1,4 млн адам кедейчиликте жашайт, - Статистика комитети

17:25, 16 кулжа 2019 102
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  2018-жылы кыргызстандыктардын 22,4 пайызы кедейчиликте жашаган. Бул көрсөткүч — 1 млн 429 миң адам. Анын ичинен 35 миң адам өтө кедейчиликте жашаган, деп маалымдайт Улуттук статистика комитети.

«Кедейчиликтин деңгээлин эсептөө үчүн калктын тике кирешесине жараша боло турган керектөөчүлүк наркы колдонулат. Жалпы кирешелердин 11,7 пайызы Кыргызстандын аймагынан тышкары жакта эмгектенген жарандарга туура келет. Бул кедейчиликтин деңгээлинин төмөндөшүнө салымын кошот.

Керектөө наркынан эмгек мигранттарынын кирешелерин чыгарып салсак, кедейчиликтин деңгээли республика боюнча орточо 22,4 пайыздан 32,2 пайызга чейин өсө турганын эксперименталдык эсептөөлөр көрсөтүп турат», - деп айтылат расмий маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком