21:47, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Аида Салянова ооруканада дарыланат

На русском
18:04, 15 кулжа 2019 533
Аида Салянова
Аида Салянова
// АКИpress

Баракелде -  Мурунку башкы прокурор, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Аида Салянова М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылды. Буга анын ден соолугунун абалы жакшы болбогону себеп болгонун жактоочусу Рабига Сыдыкова билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер А.Салянова жатып дарыланышы керектигин айтышкан.

Бүгүн, 15-июнда ЖАМКтын басма сөз кызматы: "А.Салянованы бүгүн эртең менен медициналык текшерүү үчүн алып келишти. Учурда дарыгерлердин кеңеши өтүп жатат. Эгерде Салянованы ооруканага жаткыруу керек деп чечишсе, анда ошол жакта калтырылат", - деп билдирген.


-------------------------------------------

А.Салянова 4-июнга караган түнү Бишкек ШИИБге 48 саатка убактылуу киргизилген. Анын камалышы «мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу. 5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурунку башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын тандаган. Соттун чечими менен ал №1 убактылуу кармоочу жайга (СИЗО-1) 26-июнга чейин камалган болчу.

12-июнда Бишкек шаардык соту Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, №1 убактылуу кармоочу жайда калтырган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком