22:58, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 202084 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201343 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020127 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Азиз Батукаевдин иши: Мурунку министр Динара Сагинбаева убактылуу отставкага кетти

На русском
18:06, Кулжа айынын он төртү, 2019 219
Динара Сагинбаева
Динара Сагинбаева
// АКИpress

Баракелде -  Биринчи май райондук соту мурунку саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаеваны убактылуу отставкага кетирүү боюнча чечим чыгарды.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кечээ, 13-июнда ведомствонун тергөө органдары Динара Сагинбаеваны Улуттук госпиталдын башкы дарыгери кызматынан убактылуу алууну өтүнгөн. Сот өтүнүчтү канааттандырган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азама Жумакеев AКИpress агенттигине билдиргендей, соттун чечиминин негизинде кызматтан бошотуу тууралуу буйрук даярдалды.

«Баары даярдалды. Министр буйрукка кол коюшу керек. Дүйшөмбү күнү ал жумушка чыкпайт», - деди ал.

Динара Сагинбаева 15-майда Азиз Батукаевдин жаза мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу кармалып, кайра үй камагына чыгарылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком